БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын кайра жандандырууну көздөп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Министр Таалайбек Ибраев долбоорго байланыштуу инвестицияларды тартууну талкуулоо үчүн энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен жолуккан.
Мурда "Русгидро" менен биргеликте жалпы кубаттуулугу 238 мегаватт болгон 4 станцияны куруу пландалган. Ошондо долбоордун баасы 727 миллион доллар деп бааланган, бирок бир катар себептерден улам ишке ашпай калган. Өткөн жылы Россиянын компаниясы кайрадан ЖНКга кызыгуусун көрсөттү.