БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн туристтик аймактарында жардыруулар катталган жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу брифингде билдирди.
Ал кырдаал курчуса же жаңжал узакка созулса кошумча маалымат берилерин белгиледи.
“Эгер каттамдардын токтотулушу жана кечигүүсү узакка созулса, эвакуациянын варианттарын карайбыз. Жарандар чет жерде кармалып кала турган болсо чыгымдарды компенсациялоого милдеттүү болгон авиакомпанияга кайрылышы керек. Air Arabia транзиттик жүргүнчүлөрдү гана жайгаштырат. Fly Dubai дээрлик бардык жүргүнчүлөрдү мейманканаларга жайгаштырды. Бул маселелер турагенттиктер менен да иштелип жатат”, — деди Сейтек Жумакадыр уулу брифингде.
ТИМ жарандар БАЭнин жергиликтүү бийлик органдарынын, айрыкча Ички иштер министрлигинин жана башка компетенттүү мекемелердин расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүү керектигин белгилейт. Ошондой эле текшерилбеген маалыматтарды таратуудан карманууну сунуштайт.