Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстанды азык-түлүк менен камсыздоого таасир этеби?

Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Камсыздоочулар ассоциациясынын башчысы Гүлнара Ускенбаева Sputnik агенттигине Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстанды азык-түлүк менен камсыздоого таасир этеби деген суроого жооп берди.
Анын айтымында, негизинен өлкөгө азык-түлүктү ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жана Европадан алып келишет.
“Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кайсы бир деңгээлде биздин кызыкчылыктарга таасир этет. Анткени Европадан Кыргызстанга келген айрым товарлар түштүк маршруту (Иран жана башка өлкөлөр аркылуу) менен өтөт. Учурда ал жол жабык. Бирок ал жактан аз эле товар келет”, — деди Ускенбаева.
Жаңы жылдан кийин азык-түлүк канчага кымбаттады? Статкомдун маалыматы