БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жакынкы Чыгышта 22 миңге жакын кыргыз жарандары бар. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдиргендей, кыргыз жарандарынын арасында жабыркагандар жок. Иран менен Израилде 100дөн жаран бар экени, алар эвакуация боюнча кайрылбаганы белгилүү болду.
“Бириккен Араб Эмирликтеринде 10 миңдей жаран бар. Дубайда 1000ден ашык кайрылуу каралып, 800дөй жарандын мейманканадагы мөөнөтү аяктаган. Консулдар жеринде иш алып барууда. Зыяратта 6 миңге жакын жаран бар, алар элчиликтер менен байланышта”, – деп айтылат маалыматта.
Каттамдардын токтотулушу узакка созулса эвакуация варианттары каралат.
Буга чейин ТИМ БАЭде жүргөн жарандарды сабырдуулукту сактоого жана коопсуздук чараларын күчөтүлгөн тартипте аткарууга чакырган. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүнү сунуштаган.
Мындан тышкары, БАЭнин компетенттүү органдары чөлкөмдөгү чет элдик жарандарды мейманканаларда кошумча төлөм албай убактылуу кабыл алууну улантууга жана учуу каттамдары токтотулгандыгы үчүн туристтерди чыгарып жибербөө боюнча чечим кабыл алынганы кабарланды.