БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Азыркы учурда 50дөн ашык кыргызстандык Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Дубайдан мекенине кайтып келе албай жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун консулдук департаменти коңшу өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен онлайн-жолугушуу өткөрдү. Анда мекендештерибиздин коопсуздугу жана аэропорттогу абал талкууланган. Жакынкы Чыгышта жүргөн кыргызстандыктарды колдоо үчүн атайын 24 саат иштеген штаб түзүлгөн.
Буга чейин ТИМ Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн жарандарды сабырдуулукту сактоого жана коопсуздук чараларын күчөтүлгөн тартипте аткарууга чакырган. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүнү сунуштаган.
Мындан тышкары, БАЭнин компетенттүү органдары чөлкөмдөгү чет элдик жарандарды мейманканаларда кошумча төлөм албай убактылуу кабыл алууну улантууга жана учуу каттамдары токтотулгандыгы үчүн туристтерди чыгарып жибербөөгө чечим кабыл алышканы кабарланды.