БИШКЕК, 2-мар. – Sputnik. Жакынкы Чыгыш аймагындагы татаал кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн жарандарды сабырдуулукту сактоого жана коопсуздук чараларын күчөтүлгөн тартипте аткарууга чакырды.
ТИМ жарандар БАЭнин жергиликтүү бийлик органдарынын, айрыкча Ички иштер министрлигинин жана башка компетенттүү мекемелердин расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүү керектигин белгиледи. Ошондой эле текшерилбеген маалыматтарды таратуудан кармануу сунушталат.
“Эмираттардын тиешелүү органдары учуулар токтотулуп же жылдырылган шартта мейманканаларда жайгашкан жарандардын убактылуу жашоосун кошумча төлөмсүз узартуу жана аларды чыгарбоо чечимин кабыл алды”, — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына мейманканаларда болуу, расмий сунуштарды күтүү, ошондой эле Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелери, туроператорлор, авиакомпаниялар жана мейманкана администрациясы менен туруктуу байланышта болуу сунушталат. Аба кооптуулугу жарыяланган учурда же башка өзгөчө кырдаалдарда укук коргоо органдарынын жана мейманкана кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарыл.
“Эмираттарда “жабык асман” режими киргизилгенине байланыштуу өлкөдөн кургак жол менен үчүнчү мамлекеттер аркылуу чыгып кетүү варианттарын жарандар өтө зарыл болгон учурда гана жана расмий маалыматтарды көзөмөлдөө менен карап, анан чыгышы керек”, — деди ТИМ.
Ведомство ошондой эле БАЭнин аймагында жүргөн кыргызстандыктарды өздөрүнүн жүргөн жери тууралуу Кыргызстандын элчилигине кабарлоого чакырды. Ал үчүн төмөнкү маалыматтарды жөнөтүү зарыл:
ФАА (аты-жөнү);
туулган күнү;
паспортунун номери;
БАЭдеги жашаган дареги;
байланыш маалыматтары.
Маалыматтарды төмөнкү байланыш номерлери аркылуу берүүгө болот:
КРдин БАЭдеги элчилиги: +971 52 225 5269;
КРдин Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971 52 291 8840;
КР ТИМинин Консулдук департаменти: +996 999 312 002.
ТИМ кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жатканын жана кошумча маалыматтар расмий каналдар аркылуу жарыяланарын билдирди.