БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Коопсуздук кеңештин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тиешелүү ведомстволордун жетекчилери менен ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жыйында согуш жүрүп жаткан аймакта калган кыргызстандыктарга байланыштуу жагдай талкууланды. Адилет Орозбеков алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекенине кайтаруу боюнча шашылыш чараларды көрүү зарылдыгын белгилеп, кырдаал турукташканга чейин Жакынкы Чыгыштагы абалды сутка бою көзөмөлдөөнү тапшырды.
Маалыматка ылайык, катчы Тышкы иштер министрлигине кооптуу аймакта жүргөн кыргыз жарандарынын абалын жана санын тактоо, ошондой эле аларды коопсуз жерлерге убактылуу жайгаштыруу маселесин иштеп чыгуу жана зарыл болсо жаңжал аймагынан шашылыш эвакуациялоо тапшырылды.
“Биз согуш жүрүп жаткан аймакта жүргөн жана аба мейкиндиги жабылгандыктан аэропорттордо калган жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек. Бул – биздин түздөн-түз милдетибиз”, — деди Орозбеков.