БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Агартуу министрлиги 2026-2027-окуу жылындагы каникулдардын графигин кайра карап чыгууну убадалады. Бул тууралуу министрдин орун басары Надира Жусупбекова парламентте билдирди.
Анын айтымында, III чейректеги каникулдардын кыскартылышы жаңы Эмгек кодекси жана январь менен май айларындагы кошумча дем алыш күндөрү менен байланыштуу болгон.
“Бирок өтө көп кайрылуулар түштү. Биз ата-энелердин, адистердин, методисттердин бардык сунуштарын уктук. Натыйжада 2-марттан 8-мартка чейин жазгы каникулду узартуу чечими кабыл алынды. Бизге кийинки 2026-2027-окуу жылынын каникул календарын түзүүдө келип түшкөн сунуштарды талдоо тапшырылды”, — деди Жусупбекова.
Эми каникул графигин түзүүдө Агартуу министрлиги окуу жүктөмүн жана эс алуу мезгилдерин рационалдуу бөлүштүрүүгө көңүл бурары кошумчаланды.
Эскерте кетсек, ата-энелердин жазгы каникул кыска болуп калды деген кайрылууларынан улам эс алуу төрт күнгө узартылып, окуу жылы 29-майда аяктамай болгон.