БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Израилдин Коргоо күчтөрүнүн (IDF) башчысы Эяль Замир Ливан территориясынан снаряддар атылган соң үзгүлтүксүз чабуул жасоо жана коргонуу аракеттерине даярданууну тапшырды. Бул тууралуу IDF маалымдады.
“Башкы штабдын башчысы аткылоо болгон соң Генералдык штаб менен бирге оперативдик абалды баалаган. Ал келерки операциялардын планын бекитип, үзгүлтүксүз чабуул жасоо жана коргонуу аракеттерине даярданууну тапшырды”, — деп айтылат аскерлердин билдирүүсүндө.
Замирдин айтымында, Ливандын “Хезболлах” кыймылы Израилге каршы аракеттерди баштаган жана кырдаалдын мындан аркы чыңалуусуна жооптуу.
АКШ менен Израилдин чабуулдары
Ишемби күнү АКШ жана Израиль Иранга каршы масштабдуу аскердик операция баштады. Анткен менен өткөн аптада эле Кошмо Штаттар Ислам Республикасы менен "өзөктүк досье" боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан эле.
Тель-Авив чабуулдардын максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдирди. Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Ирандын флотун жана коргонуу өнөр жайын жок кылуу ниетин жарыялап, ошондой эле өлкө жарандарын азыркы бийликти кулатууга чакырган.
Ирандын Жогорку лидери Хаменеи АКШ менен Израилдин чабуулунан улам өзүнүн кеңсесинде курман болгон. Fars агенттиги анын бүлөсүнөн дагы төрт киши көз жумганын, алардын ичинде кызы бар экенин жазды. Мындан сырткары, 148 мектеп окуучусунун (кыздардын) өмүрү кыйылганы кабарланган. Кийинчерээк алардын саны 153кө жеткени айтылды.
Иран жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө жайгашкан АКШнын аскер базаларына чабуул коюуда.