Дональд Трамп Иранга башкаруучу болууга үч талапкер бар экенин билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Иранга жетекчи болууга үч талапкер бар экенин билдирди. Бул тууралуу The New York Times жазды.

“Менде абдан жакшы үч талапкер бар”, — деген ал. Бирок азырынча алардын ысымын атоодон баш тарткан.

Трамп Ирандагы бийликтин алмашуусу тууралуу айтып жатып, идеалдуу сценарий катары АКШ тарабынан Венесуэланын лидери Николас Мадуронун кармалышын мисал кылган. Ал ошол эле учурда өлкөдө бийликтин алмашуусун жактаган ирандыктарды коргоо боюнча кандайдыр бир убада берүүдөн баш тартты.
АКШ менен Израилдин чабуулдары
Ишемби күнү АКШ жана Израиль Иранга каршы масштабдуу аскердик операция баштады. Анткен менен өткөн аптада эле Кошмо Штаттар Ислам Республикасы менен "өзөктүк досье" боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан эле.
Тель-Авив чабуулдардын максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдирди. Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Ирандын флотун жана коргонуу өнөр жайын жок кылуу ниетин жарыялап, ошондой эле өлкө жарандарын азыркы бийликти кулатууга чакырган.
1-март күнү таңда Ирандын Жогорку лидери Хаменеи АКШ, Израилдин чабуулунан улам өзүнүн кеңсесинде курман болгон. Fars агенттиги анын бүлөсүнөн дагы төрт киши көз жумганын, алардын ичинде кызы бар экенин жазды. Мындан сырткары, 148 мектеп окуучусунун (кыздардын) өмүрү кыйылганы кабарланган. Кийинчерээк алардын саны 153кө жеткени айтылды.
Иран жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө жайгашкан АКШнын аскер базаларына чабуул коюуда.
Эл аралык укук одоно бузулду. РФ ТИМи Ирандагы кырдаал боюнча үн катты