БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Эгер Иран Ормуз кысыгын бир айга эле жаап койсо, анда Евробиримдикте газдын баасы өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу америкалык Goldman Sachs инвестициялык банкынын маалыматында айтылган.
Аталган кысык аркылуу өткөн кыймылдын чектелиши мунай жана газды кайра иштетүүдөн алынган башка продукциялардын баасын да кескин жогорулатат. Анын ичинде авиаотун да бар.
Былтыр күн сайын дүйнөлүк жеткирүүлөрдүн 18 пайызы ушул кысык аркылуу өткөн. Ал эми дүйнөдө мунай жана суюлтулган газ транзитинин болжол менен 20 пайызы дал ушул Ормузга туура келет.
Белгилей кетсек, учурда Ормуз кысыгы аркылуу каттаган кыймыл дээрлик токтогону айтылууда.