Экономика министрлиги 2025-жылы экспорт эмнеге төмөндөп кеткенин түшүндүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 2-мар — Sputnik. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги өткөн жылы экспорттун кыскарышынын себептерин жарыялады.
2025-жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 15,8 миллиард долларды түзгөн. Мурдагы жыл менен салыштырганда ал 10,2 пайызга азайган. Буга негизинен экспорттун кыскарышы себеп болгон.
Товар жеткирүүлөр 44,5 пайызга кыскарып, 2,8 миллиард долларды түзгөн. Ал эми алтынды эсепке албаганда 19,7 пайызга азайып, 1,9 миллиард доллар болгон. Ошол эле учурда Экономика министрлиги белгилегендей, алтын экспорттун негизги үлүшүн ээлейт (26,3%).
Экспорттун кыскарышынын себептери:
негизги өнөктөш өлкөлөрдөн — Россия жана Казакстан тараптан суроо-талаптын төмөндөшү;
автомобилдерди жана жабдууларды камтыган инвестициялык товарларды жеткирүү көлөмүнүн кыскарышы;
Россиянын рыногуна товар жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралганына байланыштуу жеңил жана текстиль өнүмдөрүнүн экспортунун терс динамикасы, чек ара көзөмөлүнүн катаалдашуусу;
ички рынокту камсыз кылуу максатында айрым чийки заттарды чыгарууга убактылуу чектөөлөр.
Кыргызстандан продукция импорттогон алдыңкы 10 өлкөнүн тизмеси