БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Алтындын биржадагы баасы январдын аягынан бери алгачкы жолу 5 400 доллардан ашканын РИА Новости жазды.
Бүгүн Москва убактысы боюнча саат 2:42ге карата Нью-Йорктун COMEX биржасында алтындын апрель айына карата фьючерстери 3,02 пайызга өсүп, трой унциясы үчүн 5 406,59 долларга жетти. Бул көрсөткүч 30-январдан бери алгачкы ирет жогорулады.