Трамп АКШнын Иранга каршы чабуулу канча убакытка созулушу мүмкүн экенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп The New York Times басылмасындагы маегинде америкалык аскерлер зарыл болгон учурда Иранга каршы чабуулдарды төрт-беш жумага чейин улантууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Ооба, биз чабуулду төрт-беш жумага чейин улантууну пландап жатабыз. Бул биз үчүн кыйын эмес”, — деди Трамп.
АКШ менен Израилдин чабуулдары
Ишемби күнү АКШ жана Израиль Иранга каршы масштабдуу аскердик операция баштады. Анткен менен өткөн аптада эле Кошмо Штаттар Ислам Республикасы менен "өзөктүк досье" боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан эле.
Тель-Авив чабуулдардын максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдирди. Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Ирандын флотун жана коргонуу өнөр жайын жок кылуу ниетин жарыялап, ошондой эле өлкө жарандарын азыркы бийликти кулатууга чакырган.
Ирандын Жогорку лидери Хаменеи АКШ менен Израилдин чабуулунан улам өзүнүн кеңсесинде курман болгон. Fars агенттиги анын бүлөсүнөн дагы төрт киши көз жумганын, алардын ичинде кызы бар экенин жазды. Мындан сырткары, 148 мектеп окуучусунун (кыздардын) өмүрү кыйылганы кабарланган. Кийинчерээк алардын саны 153кө жеткени айтылды.
Иран жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө жайгашкан АКШнын аскер базаларына чабуул коюуда.
Эл аралык укук одоно бузулду. РФ ТИМи Ирандагы кырдаал боюнча үн катты