БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Шейшембиде туруксуз аба ырайына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 5…10, Талас чөлкөмүндө 4…9, Ысык-Көл облусунда 3…8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 12…17, Нарын өрөөнүндө 0…5 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 7…9, Ош шаарында 13…15 градусту түзөт.