Ысык-Көл районунда «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушуна капсула салынды. Өкмөт башчысынын айтымында, аталган долбоор өлкөнүн экономикалык келечеги үчүн маанилүү стратегиялык кадам болуп саналат. Жаңы аймак эл аралык финансылык борборго, дүйнөлүк капиталды, финтех жана IT-инновацияларды тарткан борборго, ошондой эле эл аралык соода жана жүк агымдарын бириктирген заманбап логистикалык хабга айлануусу күтүлүүдө. 2035-жылга чейин этап-этабы менен жалпы аянты 470 миң чарчы метрден ашкан заманбап кеңсе борборлору, турак жай комплекстери жана туристтик объектилер курулат. Аймактын резиденттери 49 жылга чейин бардык салык түрлөрүнөн бошотулат. Мындан тышкары, капиталдын эркин жүгүртүлүшү, ийкемдүү валюталык режим жана 100 пайыздык чет элдик катышуу менен иш жүргүзүү укугу каралган. 100 гектардан ашуун аймакта ири инфраструктура түзүлүп, 2035-жылга чейин жылына 90 миңге чейин туристти кабыл алуу пландалууда.
Биз бүгүнкү «Экономикалык панорама» уктуруусунда аталган аймак туризмге басым коюу менен гана өнүгүүгө кадам таштайбы, дагы кайсыл багыттарда иш алып барылат? Кыргызстандык инвесторлордун орду кандай жана башка көптөгөн суроолорго жооп издедик.