Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?

Sputnik
Кыргызстанда жыныстык жол менен жугуучу оорулар акыркы жылдары коомдук саламаттык сактоодо олуттуу маселелердин бири бойдон калууда. ВИЧтен тышкары сифилис, гонорея, хламидиоз, трихомониаз сыяктуу инфекциялар да катталып, айрым учурларда жаштар арасында көбөйүү тенденциясы байкалууда. Бирок акыркы учурда жалпы статистика өскөн да, төмөндөгөн да эмес. Мунун бир себеби бейтептардын көбү тартынып, жеке клиникаларга барышат. Жеке медициналык мекемелер мамлекеттик мекемелерге тизмени бербейт. Адистердин айтымында, ооруну жашыруу, кеч кайрылуу жана өз алдынча дарылануу оорунун жайылышына шарт түзөт.
Ооруларды көзөмөлдөө, дарылоо жана алдын алуу максатында мамлекет тарабынан эпидемиологиялык мониторинг жүргүзүлүп, лабораториялык диагностика жана диспансердик көзөмөл уюштурулган. Калк арасында түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө. “Ачык кеп” программасынын алкагында Республикалык тери-венерологиялык оорулар борборунун дерматовенерологу Айчүрөк Суранбаева жогорудагы маселелерге токтолду.