Азыркы учурда 50дөн ашык кыргызстандык Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Дубайдан мекенине кайтып келе албай жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ведомствонун консулдук департаменти коңшу өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен онлайн-жолугушуу өткөрдү. Анда мекендештерибиздин коопсуздугу жана аэропорттогу абал талкууланган. Жакынкы Чыгышта жүргөн кыргызстандыктарды колдоо үчүн атайын 24 саат иштеген штаб түзүлгөн. Буга чейин ТИМ Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн жарандарды сабырдуулукту сактоого жана коопсуздук чараларын күчөтүлгөн тартипте аткарууга чакырган. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүнү сунуштаган. Мындан тышкары, БАЭнин компетенттүү органдары чөлкөмдөгү чет элдик жарандарды мейманканаларда кошумча төлөм албай убактылуу кабыл алууну улантууга жана учуу каттамдары токтотулгандыгы үчүн туристтерди чыгарып жибербөөгө чечим кабыл алышканы кабарланды.
Жогорку Кеңеште парламенттин ишин чагылдыруу жана анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү үчүн жасалма интеллект системасы ишке киргизилди. Парламенттен билдиришкендей, "Мырза" жана "Айым" аттуу теле алып баруучулар каралып жаткан маселелер боюнча видеоматериалдарды жана маалыматтык тексттерди даярдап, депутаттардын иши тууралуу коомчулукка маалымат берип турушат. Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана заманбап технологияларды кеңири колдонуу боюнча тапшырма койгон. Бул демилгенин алкагында парламенттин аппаратына тиешелүү тапшырмалар берилип, кыска мөөнөттүн ичинде бир катар долбоорлор иштелип чыккан. "Мырза" жана "Айым" ошол ишке ашкан долбоорлордун бири болуп саналат.
Камсыздоочулар ассоциациясынын башчысы Гүлнара Ускенбаева Sputnik агенттигине Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстанды азык-түлүк менен камсыздоого таасир этеби деген суроого жооп берди. Анын айтымында, негизинен өлкөгө азык-түлүктү ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жана Европадан алып келишет. “Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кайсы бир деңгээлде биздин кызыкчылыктарга таасир этет. Анткени Европадан Кыргызстанга келген айрым товарлар түштүк маршруту менен өтөт. Учурда ал жол жабык. Бирок ал жактан аз эле товар келет”, — деди Ускенбаева.
Ош шаарында эски "Келечек" базарын көчүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, базардын соодагерлерин көчүрүү иштерине мэриянын алдындагы бардык тиешелүү кызматтар тарабынан комплекстүү жумуш алып барылууда. Эске салсак, күн мурун эски "Келечек" базары жабылып, соодагерлерди көчүрүү иштери башталган.
Израилдин Коргоо күчтөрүнүн (IDF) башчысы Эяль Замир Ливан территориясынан снаряддар атылган соң үзгүлтүксүз чабуул жасоо жана коргонуу аракеттерине даярданууну тапшырды. Бул тууралуу IDF маалымдады. “Башкы штабдын башчысы аткылоо болгон соң Генералдык штаб менен бирге оперативдик абалды баалаган. Ал келерки операциялардын планын бекитип, үзгүлтүксүз чабуул жасоо жана коргонуу аракеттерине даярданууну тапшырды”, — деп айтылат аскерлердин билдирүүсүндө. Замирдин айтымында, Ливандын “Хезболлах” кыймылы Израилге каршы аракеттерди баштаган жана кырдаалдын мындан аркы чыңалуусуна жооптуу.