Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул: кимдер укуктуу жана канча төлөнөт?

Sputnik
2025-жылы өлкөдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду 27,7 миң аял алды. Жөлөк пулдарды каржылоонун жалпы суммасы 634,4 миллион сомду түздү. Жөлөк пулга эмгек келишими менен иштеген аялдар, жеке ишкерлер, дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү жана расмий жумушсуз деп таанылган аялдар укуктуу. Төлөм саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасы менен дайындалат. Иштеген аялдар биринчи он иш күнү үчүн айлык акысынын100 пайызын алышса, андан кийинки мезгилде республикалык бюджеттен белгиленген өлчөмдө каражат төлөнөт. Жеке ишкерлер жана расмий жумушсуз аялдарга жөлөк пул он биринчи иш күнүнөн тартып мамлекеттик бюджеттен берилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин төлөмдөр жана административдик иштерди уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айтбүбү Бахтияр кызы маалымдады.