Венчурдук каржылоо аркылуу инвестициянын көлөмү өсөт — стартаптарга басым жасалат

Sputnik
Өлкөдө инновациялык демилгелерди колдоо, укуктук жөнгө салууну дайыма өркүндөтүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча ырааттуу мамлекеттик саясат жүрүп баштады. Инвестициялык климатты ырааттуу жакшыртуу максатында “Венчурдук каржылоо жөнүндө” мыйзам иштелип чыкты. Венчурдук инвестициялоонун объектилери стартаптар болуп саналат. Аталган мыйзам венчурдук каржылоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги милдеттерин аныктайт жана башка чектеш тармактарга да таасирин тийгизип, бул чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салат. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов жана Инвестиция боюнча улуттук агенттигинин саясатты иштеп чыгуу бөлүмүнүн башкы адиси Аскар Кожомкулов айтып берди.