Манасчы улуу журттун улуу урпагы Манастын өзү менен, Бакай, Алмамбет, Чубак, Семетей, Каныкей, Айчүрөк менен бирге туулуп, бирге жашап, бирге өлгөн адамдар ичинде жок жалгыз периште сыяктанат. "Мен көп элдин жомокчу, ырчылары, артисттеринин эпос аткарганын уккамын. Бирок Каралаев сыяктуу укмуш таланттуу аткаруучуну көргөн эмесмин. Мунун азыркы аткарган "Манасына" тил билбесек да түшүнүп катуу таасирлендик", — дейт орус академиги, белгилүү монголтаануучу С.А.Козин.
Залкар манасчынын Солтон-Сары жайлоосунда 23 күн манас айткандыгы даңазаланып келет, бул ааламда жок керемет кубулушка таң калбай коюуга болбойт. Биз бүгүн залкар манасчы тууралуу 8 факт сунуш кылабыз.
Өлбөй, эптеп жанын баккан балалык. Азыркы Балыкчы шаарынын түштүк-батыш тарабындагы Ак-Өлөң айылы – Ысык-Көлгө жакын, бирок жээги эмес, дыйканчылык кыла турган жери аз, малга ыңгайлуу болгону менен жайыты алыс айыл. Түнү-күнү жанталашып эле оокат кылбасаң мал-жан эмес, кара жаныңды да багыш кыйын. Көр оокаттын айынын Карала бала-чакасы менен Көл жакалап жүрүп отуруп, Жети-Өгүздүн Жыдык-Көл деген жерине барганда ошол жактагы тамырларын бааналап, көк өгүзгө арткан болор-болбос жүгүн түшүрөт. Ар кимге малай болуп, эптеп күн көрөт. Болжолу 1905-1906-жылдар окшойт, кой оозунан чөп албаган, айдаган жакка кыңк этпей барып жүргөн Карала минип жүргөн атын өлтүрүп алып, асый чыкма ат үчүн кунга жыгылат. Кун төлөйүн десе же бир малы жок, же бир даны жок, туугандары бир аз төлөшөт, калганына балдары Төлөбай менен Саякбайды малайлыкка деп күчүн берет. Буларды малай кылган дунган Жыкы талаада иштетип, акысын жарытылуу бербей, бир аз тамак берсе анысын көтөрмөлөп өндүрүп, алып турат. Саякбай ал кезде 13 жашта экен, ачка жүрөт, адилетсиздикти көрөт. Жыкынын колунда сомодой эки бала үч жыл тыным билбей иштесе да, баягы аттын кунун төлөмөк түгүл кайра жеген-ичкени деп карызга батып калат. Бир күн дунган байга билдирбей качышат, жолдоп жүрбөй тоолоп жүрүп, өз айылдарына кайра качкын болуп келет. Бул 1912-жылдар болот. Карала айылында тура албай Орто-Токойдогу бекетте (азыркы ДЭУ турган жер) сарайга кароол болуп орношот. Балдары ата-энесине каралашат, ар кимдин иштерин кылышат. Кордукту, ызааны көрөт. Ошол эле кезде суу чыгарып, алма эгип, бир аз мал кармап оокатын кылат. Бул кезде Саякбай элдир-селдир манас айтууну өнөр кылып алат.
Манас менен биринчи кездешүү: түшпү, аянбы? Саякбай атанын режиссёр Болот Шамшиевге айтып бергени боюнча, апасынын боюнда бар кезинде тоодон жапайы карагат терип жүрүп оролошкон жыланды көрүп чочуп кетет экен да, баласы ай-күнүнө жетпей эрте төрөлүптүр. Каныбек Иманалиевдин жазганы боюнча, чоң энеси Дакиштин айтуусунда бала апасынын боюнда экенде алар манасчынын манасын укканы барат, келип эне кызуу уйкуга кирет, бир убакта ошол уктап жаткан жерине бир жылан келип, жубанга оролошуп, муздак денесин кош кат келинге тийгизип жатканда эне чочуп кетип кыйкырат. Түшүндө манасчы айткан ажыдаарды көрүп жаткан экен. Өңүндө — жанагы жылан. Ошондо чочуп калган келинди эмчи-домчулар келип, баланы аман алып калалы дешсе, ичиндегиси сегиз айлык экен, сегиз айында төрөлгөн бала адам болбойт деп айла таппай, билгичтердин бири кечээги манасчыны чакырып манас айттыралы дейт. Ошону туура көрүшөт, жанагы аты белгисиз манасчы түнү бою манас айтып чыгат. Ай-күнүнө жетип бала төрөлгөндө ак-өлөңдүк саяктардын арасында төрөлдү деп ысымын Саякбай аташат. Мунун баарын жакшы билип аткан Дакиш чоң энеси өзүнүн да ары жагында барбы, же небереси үчүн атайын үйрөнгөнбү, айтор, "Манасты" жомок кылып кара сөз менен айтып берип, баланын кулагын ачкан экен. Кийин, болжолу 1908-жылдары, Орто-Токойдо кызык окуяга туш келет. Балдар Рамазан айында жарамазан айта коюшчу. Кочкорго айтып барып, 12 рубль акча топтоптур. Балдардан бөлүнүп Кочкордун суусун бойлой жалгыз келе жатып, караңгы киргенде атын бир мамыга байлап уктап кетет. Түнү курсагы ачып ойгоно калса мурда эч көрбөгөн ак боз үй тигилип туруптур. Үйдүн жанында кооз жасалга тагынып, келишкен кийим кийген бир сулуу келин буга жылмая тигилет. Ал балага эзелки таанышындай ак сунуп, даам сыздырууга боз үйгө киргизет. Не бир дүйүм тамактар жайнап туруптур үй ичинде, тигил келин "бул тамактар Манастын жол жүрүп бара жаткандагы жеген тамактары эле, көп-көп жеп ал" дептир. Саякбай кысылып, бир жилик эт жеп, кымыз ичип чыгарда үй ээси "ак жолуң ачылсын" деп бата бериптир. Сыртка чыкса Бакай, Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак Чоң Казатка аттанып бара жатканын айтышат. Баатырлардын минген аттарын, өздөрүн даана көрүптүр. 6-7 жылдан кийин манасчы болосуң дешет. Ага чейин эмнелерди кылуу керектигин айтат. Эң биринчи эле азыр алдыңдан бир сарт киши чыгат, бир кара, бир ак кой айдап, ошону сатып аласың дейт. Бул же аян, же түш экенин билбей бара жатса, чын эле эки койлуу киши чыгат. Койлорун сатып алып, айылына алып келип, элге союп берет. Эртеси эле тилден калат. Балдар шылдыңдай баштаганда тоого качып кетет. "Ойго да урунуп, тоого да урунуп, зоодон куладым, суудан актым, өлбөдүм. ... жеңем кайтарып жанымды алып калып жүрдү" дегени бар. Ошентип, алты ай темселеп тоо-талаада жүрүп келет. Ошондон кийин деле жерге-сууга батпай, өзүн токтото албай жүрүп, жети жылды өткөрүп иет, бир күнү Алмамбет аян берип, алдыңдагы атыңды союп, элге таратып берип, манас айтып башта дейт. Ошондон кийин баатырлар баяны өзү эле оозуна куюлушуп келе баштайт.
Айтылуу манасчы Саякбай Каралаев. Архив
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
Үркүн апааты. Кытайга барышы. Жерине кайтышы. 1916-жылы эл жапырт Кытайга жол алганда чүйлүктөрдүн дүрбөлөң түшүп келе жатканын көргөн Саякбайдын үй-бүлөсү да алардын артынан ээрчип жолго чыгат. Же жарытылуу оокат жок, же оокат табууга эби жок бул үй-бүлө үрккөндөрдү ээрчип кете берет. Аларды тагдыр Кытайдын Үч-Турпанына алып барат, бул жерде качкындар аябай кыйналган, Ак-Суу деген жерде Мамбетакун деген уйгурга малай болуп иштеп жанын багат. Манасчынын өмүр баянын жазгандар мындай вариантты да айтып жүрүшөт: Сары-Жаз сыртында али Кытайга анча жакындай электе Көөлү деген өрөөн бар, ушундай аталышта дарыя бар. Саякбайлар Кытайга жетпей ошол жерде туруп калышат. Анык ачка кала турган жер: тал, караган, доңуз сырты, каракыяк, шыбак, төөсөйгөк, көдөө дегендер гана өсөт, адамдар аларды жей албайт, жесе да жумуруна жук болбойт, ошондо жаш жигит Саякбай Түргөн капчыгайы менен келип, талаадан машак, калып калган жүгөрү баш ж.б. нерселерди терип кетип жан багып жүрөт. Албетте, айылдардын баары Кытайга кеткен, бул жердеги орустардан качып, көрүнбөй түнү келип, түнү кетет. Булар чамасы аты да, акшагы да жок, аргасыз ошол жерде туруп калган көрүнөт, анан калса арттан куугун бул жерлерге жетип келбесин да түшүнгөн окшойт, айтор, кыйла акылдуулук кылган. Элдин Кытайдан кайта баштаганын өз көздөрү менен көрүп, аларга кошулуп булар да Ысык-Көлгө кайтып келет. Ушундай эки вариант бар. Падышалык Россияда бийлик алмашканда качкындар келе баштайт. 1918-жылы Ысык-Көлдө абдан катаал жылдар, ачарчылык болгон, эгин эккен киши да жок, эккен эгиндер да болбой калган. Эч айла таппай Кытайдан келген качкындар Пржевальск шаарына жана анын айланасына самсып келип, кичине колунда бар уйгур, дунган, орус, татар байларына (алардын байлыгы деле анчалык эмес болуп калган) эптеп эбин тапса, малай болот. Саякбай шаардагы сотпу, же сот аткаруучубу болуп иштеген Шпилкевич деген орус адамдын колуна түшөт. Ал ушундай гумандуу киши болгон экен, ичиндирип-кийиндирип тим болбой, ата да, эне да болуптур, жаңы заман жөнүн айтып бериптир. Мына ошол кезде жаш Совет өкмөтү кароосуз балдарды таап большевиктердин катарына, а түгүл алардын аскерине ала баштаган. Жанагы кожоюнунун жардамы менен эрктүү аскердик отрядга мүчө болуп өтөт. Бул 1918-жыл эле.
Кызыл аскерлердин катарында. Саякбайдын вариантында неге согуш окуялары элестүү берилет? Саякбай Каралаевдин сөз өнөрүн аркалаган башка теңтуштарынан бир өзгөчөлүгү болгон, ал – анын аскер адамы экендиги, большевиктик "кызылдар" менен көптөгөн согуштарга катышкандыгы. Ошол 1918-жылы аны малай болуп жүргөн жеринен Шагабутдинов (Шихабутдинов болушу да мүмкүн) деген кызыл аскер өзүнүн катарына кошуп алат. Команданы аткарууну, аскердик тартипти билбеген жаш жигит бир күн эле жоокер болуп, кеңеш өкмөтүн орнотуучу болуп чыга келет. Булар партизандык отрядга алынат. Командир Крыльцов деген экен да, булардыкы биринчи эскадрон аталыптыр. Максаты Кытай жакты тосуу, колдон келсе ошол жакка кирип баруу окшойт. Ал жактагы Чонжу, Чочоной, Малыбай, Шумкар, Атамкул, Кетмен, Калжат деген жерлерде жүрүшөт. Жаркентке чейин ак гвардиячылар кирип келген, алардын атаманы Борис Анненков Көкчө-Тоону басып алып, кыйла кол топтоп алган. Алардын үч жүз казак орустары Пржевальск шаарына замбирек менен кол салып келе жатканда Крыльцовдун биринчи эскадрону ашуулардан ашып, не бир азаптар менен келип алдын тосту. Жыргалаң суусунун боюнда катуу согуш болуп, "кызылдар" аларды жеңип чыгат. Ошентип ал Кызыл армиянын курамында Жети-Суу, Чыгыш Түркстан, Бухара, Ашхабад жактарда болуп, большевиктер бийлигин орнотууга катышат. Алардын отрядында кадимки "Тагылдыр тоо" деген күүсү менен кыргызга таанымал болгон, биринчи куурчак театрынын негиздөөчүсү Адамкалый Байбатыров да болгон экен. Экөө согуш араларында жоокерлердин көңүлүн ачып, күү чертип, манас айтып жүрүптүр. Саякбай Каралаев ошол жарандык согушта жүргөндө аттарды кантип кароо керек, кантип таптоо керек, атта баратып кантип кылычташуу керек, уруштун "даамы" кандай болот деген суроолорго жооп алган. Азыркы Кытайдын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын кыйла жерлерин көргөн, бул билгендери жана көргөндөрү кийин "Манас" эпосун айтып жатканда кылдаттык менен колдонулган. Аны варианты – согуш эпизоддору эң таамай жана көп чагылдырылган вариант. Саякбай Кызыл армиянын катарынан 1922-жылы бошотулат. Ошол кезде эл чарбасын өнүктүрүүгө да жаштар керек болгон.
Айтылуу манасчы Саякбай Каралаев. Архив
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
Эл башылык жылдары. "Манасчы-өкмөт". Саякбай Каралаев согушту көрүп келген киши катары эл ичинде жаңы бийликти орнотууга катышуусу керек эле. Заман, талап ошондой болгон. Ошондо азыркы Каракол шаарынын ары жак-бери жагы тарабында (Ырдык, Маман, Кара-Бөлтөк, Үч-Кайнар) элдин жаңы өкмөткө киришине кол кабыш кылган. Ырдык деген көбүнчө дунгандар жашаган айыл, алардын эмгекчил калкы менен ынтымакта иштеп, антисоветтик күчтөрдү айылга киргизбей жүрөт. Маман айылы 1941-жылдан 2010-жылга чейин Октябрь айылы деп аталган. Эл жакшы көрүп, бийлик башчыларына жагып айылдык кеңешке (сельсовет деп койчу) төрага болуп шайланат. "Сельсовет болуп адегенде төрт жыл дунгандарда, андан кийин Маманда иштедим. Айлык алчу эмеспиз. Кээде сельсоветтикти коё коюп, эл аралап күпүлдөтүп манас айтып жүрдүм" дегени бар. Бул айылда 1912-жылда Жекшен Ашуубаев төрөлгөн, ал Саякбай Каралаев сельсовет болуп жүргөндө айыл чарба техникумунда окуп, Кусейин Карасаев менен бирге 30-жылдарда манасчынын Фрунзеге келип, эпосту жаздыруусуна чоң салым кошкон согушта каза болгон таланттуу жазуучу, которомочу.
Устаттары. Чоюкенин батасы. Акылбекке берген баасы. Эл башылык кылып жүргөн кезде анын тагдырына атактуу манасчы Чоюке менен бирге жүрүү бактысы туш келет. Бул 1924-жыл эле. Манасчы азыркы Үч-Кайнар айылынын жогорку жагында ушул тапта Манасчылар аллеясы турган жерде Кара-Бөлтөк деген айыл болор эле. Тоо түбүндөгү ошол айылда жашаган. Чоюкенин атасы Өмүр да, бир тууган агасы Азиз да, кийин анын уулу Шаабай Азизов да Манастын сегиз урпагын айта алышкан. Саякбай Чоюкенин арык тукумунан экенин айтып, болжолу жок жомокчулугун белгилейт (ал манасчыларды жомокчу дечү, бир жолу "Манас" эпосунан үзүндү айтат" десе, мен аныңарды билбейм, Манастын жомогун эле айтып жүрөм дегени бар). Ошол Чоюкенин айтуучулук өнөрүн, анын ичинде окуяларынын жүрүшүн, эпостун композициялык курамын, каармандарды сүрөттөө чеберчиликтерин үйрөнөт. Чоюке бир ай манас айткан Тыныбектин, Балыктын уулу Найманбайдын шакирти болгондугу, алардын айтуучулук салтын өзүнө сиңиргендиги Болот Юнусалиев тарабынан болжолдонот. Саякбай Чоюкенин үйүндө жашагандыгы, бирок ал көп узабай, болжолу 1925-жылы каза болуп калгандыгы айтылат. Ушул аз гана мезгилде Чоюке аны шакирт катары тарбиялап, акыры ыраазы болгондо батасын берген. Каралаев ошол жылдарда дагы бир манасчы Акылбектин таалимин алат, "чоң манасчыдан Акылбекке кезиктим. Ошондо тогуз баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат кайран киши" дегени бар. Буга караганда, Саякбай улуу манасчы Акылбекке жолуккан, таасирин алган экен. Бул болжолу 20-жылдардын биринчи жарымы болуу керек. Ал ошол кезде айылдык кеңештин төрагасы катары да, манасчы катары да Ысык-Көлдүн жогору жагына бир кыйла таанылып калат.
"Манасты" жазып алуу түйшүгү жана чырлуу Саякбай. Саякбай Каралаевди Фрунзеге алып келип алгандан кийин ага эпосту ирети менен айттырып жазып алуу, анан аларды китеп кылып чыгарып туруу милдети өкмөт адамдары тарабынан илим адамдарына катуу тапшырылган. Кусейин Карасаев өз үйүнө фольклордук чакан кече уюштурат. Ал жерге Белек Солтоноев, Касым Тыныстанов, Мамбеталы Жаңыбаев, Ажиман Шабданов, Сатыбалды Нааматов сыяктуу ошол кездин алдыңкы зыялылары келип турат, алар Саякбайга "Манастын" ар кайсы жеринен айттырып көрүп жактырат да, жазуу маселеси көтөрүлөт. Анын айтуусундагы чыгарма жазылган биринчи дептерде 1936-жыл деп турат. Демек, ушул жылы жазуу жумушу башталган сыяктанат. Саясатта өтө кооптуу, бир нерсе болсоң дароо атылып кетчү жылдар эле. Биринчи дептер жана ага улай экинчи дептер деген жазуулар 1936-жылы ишке ашырылган, жазып алгандар Ыбрайым Абдракманов жана Керим Жумабаев деген азаматтар болгон. Ошентип, өтө катуу иштешет, Саякбайга шарт түзүп беришет. Эки жылда "Манас" бөлүмүн жазып бүтөт. Ошол эле кезде "Семетей" бөлүмүн да катка түшүрөт, ага жогорудагы экөөнөн башка Жунуш Ирисов катышат, алар бул бөлүмдү узак жазат, 1940-жылы гана аяктайт. Үчүнчү "Сейтек" бөлүмүн жазып алуу милдети Курман Кыдырбаевага тапшырылып, ал 1940-жылдан 1947-жылдарга чейин жазат (согуш тоскоол болот эмеспи). Ошентип, бизге улуу эпостун үч бөлүгү жетет. А бирок дагы жазылбаган бөлүктөрү "алмадай баштын ичинде" кете берет. Илгери эмес, жакынкы эле жылдарда...
Саякбай Каралаев аябай эркин жүргөн киши болгон. Экөө-үчөө анын айткандарын калтырбай жазып жатса, ордунан туруп этегин кагынып кеткен учурлары, сөгүнүп-сагынып, баарын боктоп, кылып аткан ишин таштап коюп Ысык-Көлгө бүркүтүнө кетип калган күндөрү көп эле болуптур...
Саякбай – артист, болгондо да эл артисти. Манасчынын даңкы угулуп, даңазасы чыга баштайт. Бирок ошол 30-жылдардын экинчи жарымында деле жашоо оңолуп кеткен эмес. Саякбай Каралаевдин оокат-тиричилигине шарт түзүп берүү керек эле. Күндөп-түндөп "Манасты" жаздырып отура бербейт да. Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын Тил жана адабият илим-изилдөө институтуна иштөө үчүн чакырышкан. Анын бир эле иши болгон – манас айтуу. Башкалар жазып алган. 1936-жылы мурдагы Эл аспаптар оркестринин негизинде Кыргыз мамлекеттик филармониясы ачылат. Саякбай Каралаев менен Молдобасан Мусулманкуловду жумушка алып, манас айттырып, гастролго чыгарып, маяна төлөйт. 1938-жылы СССР жазуучулар союзу мүчө кылып алат. Үч жылдан кийин Кыргыз искусствосунун Москвада 1-декадасы өтүп, Мекен борборунда буркан-шаркан түшүп күпүлдөп манас айтат. Мамлекет башчысы Сталин анын талантына күбө болуп, жогору баа бергендиги айтылып да, жазылып да ("Кызыл Кыргызстан" гезитинин 1945-жылы 30-октябрдагы саны) келет. Ошондогу эмгеги эске алынып, ага дароо эле Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардактуу наам ыйгарылат. Эл артисти өзгөчө жогорку маяна алат, сахнага каалаган учурда чыгат, район-облустарга барганда чоңдор алып жүрөт, мейман кылат... Ошентип, кызыл аскер, бүркүтчү, жомокчу Саякбай үч уктаса түшүнө кирбеген өнөр ээси — "артист" болуп калат.