БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россия Тышкы иштер министрлиги Ирандагы кырдаал боюнча билдирүү таратты. Мекеме аталган өлкөнүн жетекчилигине жасалган чабуулдары жана саясий өлтүрүүлөрдү кескин айыптады.
АКШ менен Израилдин кол салуусунан тынч жарандар жабыркап, жарандык инфраструктура талкаланып жатканы белгиленген. Ирандын жооп иретиндеги соккуларынан кийин Перс булуңундагы бир катар өлкөлөрдө аэропорттор жана порттор жабыркаганы айтылган.
Ошондой эле Ормуз кысыгы аркылуу кеме жүрүү токтогону, бул дүйнөлүк мунай-газ рыногуна олуттуу коркунуч жаратышы мүмкүн экени кошумчаланган.
Россия тараптарды тез арада кепке келип, согушту токтотууга жана БУУнун уставынын алкагында саясий-дипломатиялык жолго кайтууга чакырган.
АКШ менен Израилдин чабуулдары
Ишемби күнү АКШ жана Израиль Иранга каршы масштабдуу аскердик операция баштады. Анткен менен өткөн аптада эле Кошмо Штаттар Ислам Республикасы менен "өзөктүк досье" боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан эле.
Тель-Авив чабуулдардын максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдирди. Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Ирандын флотун жана коргонуу өнөр жайын жок кылуу ниетин жарыялап, ошондой эле өлкө жарандарын азыркы бийликти кулатууга чакырган.
Бүгүн таңда Ирандын Жогорку лидери Хаменеи АКШ, Израилдин чабуулунан улам өзүнүн кеңсесинде курман болгон. Fars агенттиги анын бүлөсүнөн дагы төрт киши көз жумганын, алардын ичинде кызы бар экенин жазды. Мындан сырткары, 148 мектеп окуучусунун (кыздардын) өмүрү кыйылганы кабарланган. Кийинчерээк алардын саны 153кө жеткени айтылды.
Иран жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө жайгашкан АКШнын аскер базаларына чабуул коюуда.