Путин Хаменеинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Иран президентине көңүл айтты

Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Ирандын руханий лидери Али Хаменеинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу аталган өлкөнүн президенти Масуд Пезешкианга терең кайгыруу менен көңүл айтты.
"Биздин өлкөдө аятолла Хаменеини россия-иран ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө, аларды ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүүгө жеке зор салымын кошкон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары эстеп калышат", — деп айтылат телеграммада.
Эске салсак, Хаменеи бүгүн таңда АКШ, Израилдин чабуулунан улам өзүнүн кеңсесинде курман болгон. Fars агенттиги анын бүлөсүнөн дагы төрт киши көз жумганын жазды. Алардын ичинде кызы бар экени айтылды.
Иран менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча ЖМКлар эмне жазып жатат. Соңку маалымат