Өспүрүмдөргө, балдарга карата кылмыштарга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, профилактикалык чараларды күчөтүү — бүгүнкү күндүн маанилүү иштеринин бири.
Бул иштерди Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы эскертти. Мындан сырткары, жоопкерчиликсиздиктин мисалы катары эки жыл мурдагы окуяны эске салды.
Бул жааттан алып караганда үй-бүлө баланын коопсуздугун камсыз кылуучу негизги чөйрө болуп саналат. Ата-энелер балдары менен ачык сүйлөшүп, күнүмдүк жашоосуна кызыгып, кимдер менен байланышта экенин билип туруу зарыл экендигин дагы бир ирет эске салып койсок ашыктык кылбайт.
Мындан сырткары, прокуратура органдары, социалдык өнүгүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, ички иштер органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматындагылар биримдикте жана тыгыз иш алып барышы лаазым.
Маселен, прокуратура мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөп, балдардын укуктарын коргоо боюнча координациялык ролду аткарат. ИИМ алардын укугунун бузулбашын алдын алып, кооптуу кырдаалдарды аныктоо жана ыкчам чара көрүү боюнча иштерди жүргүзөт.
Саламаттык сактоо министрлиги балдардын жалпы ден соолугун жана психологиялык саламаттыгын коргоо, зомбулуктун белгилерин эрте аныктоо аркылуу маанилүү салымдарын кошушу керек. Бул жерде билим жаатындагы жана социалдык жактан камсыздоо министрликтеринин жүгү, жоопкерчилиги да жеңил эмес. Бул — органдардын өз ара маалымат алмашуусу, биргелешкен рейддери, профилактикалык иш-чаралары жана коомчулук менен тыгыз кызматташуусу өспүрүмдөргө карата кылмышты алдын алуудагы эң майнаптуу механизми. Коомдогу ар бир жаран балдардын коопсуздугу жалпы жоопкерчилик экенин түшүнгөндө гана бул багыттагы иштер жогорку жыйынтык берет.
Төмөндө биз мисал кылып кете турган, көңүл кубантпай турган факт жогоруда аталган тараптардын милдетин так аткарышы зарылдыгын тастыктап турат.
Мындан эки жыл мурда өзү иштеген жерде, чай ичкен вагондо К.Н.Р. аттуу киши 16 жашка толо элек өспүрүм экенин билип туруп, кызды зордуктаган. Анын каршылык көрсөткөнүнө караган эмес. Карагашалуу окуя июнь айынын аяктарында болгон. Беш айдан кийин Октябрь РИИБи иш козгоп, ал кишиге айыбы сырттан угузулган. 2025-жылдын 29-сентябрында аталган райондук прокуратура айыптоо актысын бекитип, иш Октябрь райондук сотуна жиберилген. Бир айдан кийин зордукчул күнөөлүү деп табылып, 15 жылга соттолгон.