Муфтият умрада жүргөн кыргызстандыктарды сабырдуулукка чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы умрада жүргөндөрдү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам сабырдуулукка чакырды. Билдирүүнү мекеменин маалымат кызматы таратты.
Анда кичи ажылыкка бара жаткандар жана зыярат кылып жүргөндөр үчүн келишимде көрсөтүлбөгөн абал (форс-мажор) жаралганы белгиленген.
"Мекке, Медина шаарларында зыярат кылып жүргөндөрдү кырдаалды түшүнүү жана сабырдуулук менен кабыл алууга чакырабыз. Фирмалардын жана ажы башчылардын көрсөтмөлөрүнө баш ийип, абалдын жөнгө салынышына жана авиарейстердин калыбына келишине чейин дүрбөлөңгө түшпөй күтүңүздөр", — деп айтылган малыматта.
Муфтият мындай учурда дүйнөнүн тынчтыгы жана биримдик маанилүү экенин белгилеген.
Кыргызстандын ТИМи Жакынкы Чыгыштагы абалга байланыштуу билдирүү таратты