Өлкөнүн товар жүгүртүүсү былтыр кыскарган

Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Былтыр Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода көлөмү 15 миллиард 825 миллион долларды түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 10,2 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Экспорт 2 миллиард 852 миллион доллар болуп 44,5 пайыз төмөндөгөн. Мунун ичинде товарларды КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүү 22 пайызга кыскарып кеткен. Импорт 12 миллиард 972 миллион доллар болуп, 3,9 пайызга көбөйгөн. Анын ичинде КМШ өлкөлөрүнөн келген товарлар 23,8 пайызга көбөйгөн.
Жалпы товар жүгүртүүнүн көлөмүндө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен өз ара соода 37,4 пайыз болгон. Анын ичинде экспорттун үлүшү 40,4 пайыз, импорттуку – 36,8 пайыз. Өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 62,6 пайызы үчүнчү өлкөлөр менен болгон соодага туура келет. Экспорттун 59,6 пайызы үчүнчү мамлекеттерге жөнөтүлгөн, ал эми импорттун 63,2 пайызы ошол өлкөлөрдөн келген.
Кыргызстандан продукция импорттогон алдыңкы 10 өлкөнүн тизмеси