БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кен иштетүү жана рекультивация талаптарын бузгандарга 200-300 миң сомго чейин айып салынып, кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Жаратылыш министрлиги сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга илинди.
Ага ылайык, мекеме Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат.
Негизи сунуштар:
лицензиялык шарттарды бузгандар 100-200 миң сом айып төлөйт же эки жылга чейин эркинен ажыратылат;
олуттуу зыян келтирилген учурда айып 200-300 миң сомду түзүп, болбосо айыпкер үч жылга чейин эркинен ажыратылат.
ушундай эле жоопкерчилик бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча талаптарды аткарбагандарга да каралган.