БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи Израиль менен АКШНын жасаган чабуулунан курман болду. Бул туурасында аталган өлкөнүн мамлекеттик телеканалы билдирди.
"Улуу иран эли, Ирандын жогорку лидери имам Хаменеи курман болду", — деп маалыматта айтылган.
Tasnim агентиги Хаменеи бүгүн таңда өзүнүн кеңсесинде өлтүрүлгөнүн кабарласа, Fars агенттиги анын бүлөсүнөн дагы төрт киши көз жумганын жазды. Алардын ичинде кызы бар экени айтылды.
Хаменеинин каза болгондугуна байланыштуу Ирандын түндүк-чыгышындагы Мешхед шаарында жайгашкан Имам Реза мечитинин үстүнө кара түстөгү аза туусу көтөрүлгөн.
Ирандын президентинин кеңсесинен өлкөнүн жогорку лидерин өлтүргөндөргө жооп бериле тургандыгын айтышты.
"Бул чоң кылмыш эч качан жоопсуз калбайт... Биз муну уюштургандарды жана ишке ашыргандарды өкүнгөндөй кылабыз", — деп айтылат Иран президентинин Telegram каналында.
Ирандын тарыхында АКШга каршы "катаал чабуулдарды кое турчу операция" башталат. Бул туурасында Ирандын Ислам Революциясынын коргоочулар корпусунан айтышты.
Эске салсак, 21-февралда эле АКШ Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи менен уулу Можтабаны жок кылуу жагын караштырып жатканын Axios басылмасы жазган.
АКШ менен Израилдин чабуулдары
Ишемби күнү АКШ жана Израиль Иранга каршы масштабдуу аскердик операция баштады. Анткен менен өткөн аптада эле Кошмо Штаттар Ислам Республикасы менен "өзөктүк досье" боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан эле.
Тель-Авив чабуулдардын максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдирди. Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Ирандын флотун жана коргонуу өнөр жайын жок кылуу ниетин жарыялап, ошондой эле өлкө жарандарын азыркы бийликти кулатууга чакырган.