БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. АКШ менен Израилдин Иранга койгон чабуулунан Жакынкы Чыгышта абал курчуду.
Эртең мененкиге (1-мартка) карата чогултулган маалыматтар:
Аятолла Али Хаменеиден тышкары АКШ менен Израилдин чабуулунан Иран жетекчилигинин 40ка жакын өкүлү каза болгонун CBS Пентагонго таянып билдирген;
Хаменеи каза болгон учурда иштеп жаткан жана сокку урулган резиденциядагы иш кабинетинде болгон;
Коргоо кеңешинин катчысы Али Шамхани жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кол башчысы Мохаммад Пакпурдун каза болгону тастыкталганын IRNA кабарлады;
Ирандын соккуларынын жаңы толкуну болду. АКШнын Жакынкы Чыгыштын ар кыл аймагындагы 20дан ашык базасына, Израиль армиясынын башкы штабынын имаратына жана Тель-Авивдеги коргонуу комплексине чабуул жасалганы айтылды;
АКШ Тегерандын жооп кайтаруусун күткөн, бирок "ал күчтүүрөөк болот го" деп ойлогон. Муну Трамп айтты;
АКШ жана Израилдин чабуулу учурунда жүздөгөн адамдар каза болуп, жаракат алды. Муну Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү кабарлады. Fars агенттиги көз жумгандардын арасында Минаб шаарындагы башталгыч мектептин 148 окуучусу (кыздар) бар экенин, чабуулдан ошол жерде 95 адам жаракат алганын жазды;
Reuters Дубайдагы жаңы жарылуулар тууралуу кабарлап жатат. CNN Дохадагы жарылуулар жөнүндө билдирди;
Ирандын соккуларынан Израилде бир киши каза болуп, 120дан ашыгы жаракат алганын CNN кабарлады;
Тегеран АКШнын бир катар аскердик базаларына, анын ичинде Кувейттеги, Ирактын түндүгүндөгү, Сауд Арабиясындагы жана Катардагы базаларга чабуул койду. Дубайга жасалган соккулардын бутасы ЦРУнун штаб-квартирасы болгону кабарланууда;
Багдадда бир топ киши АКШ элчилигинин алдына нааразылыкка чыкты. Коопсуздук күчтөрү менен кагылышуулар башталып, аларды көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, таратууга аракет кылып жатышат.