БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Күрөш боюнча үч жолку дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова уул төрөдү. Бул тууралуу спортчунун жакындары билдирди.
Ал 2025-жылдын январь айында турмушка чыккан. Кош бойлуу экенин 2026-жылдын башында социалдык тармактар аркылуу жарыялаган. Жакында эле Айсулуу төрөт үйүнө бара турган сумкасын даярдап койгонун да билдирген.