Кен иштетүү жана рекультивация талаптарын бузгандарга 200-300 миң сомго чейин айып салынып, кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Жаратылыш министрлиги сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга илинди. Ага ылайык, мекеме Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат. Негизи сунуштар:лицензиялык шарттарды бузгандар 100-200 миң сом айып төлөйт же эки жылга чейин эркинен ажыратылат; олуттуу зыян келтирилген учурда айып 200-300 миң сомду түзүп, болбосо айыпкер үч жылга чейин эркинен ажыратылат. ушундай эле жоопкерчилик бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча талаптарды аткарбагандарга да каралган.
*Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна жана Ирандын аймагына жасалып жаткан аба соккуларына байланыштуу Кыргызстандын жарандарын кырдаал туруктуу болгонго чейин Иранга барбай турууну сунуштайт. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Ирандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда дароо Кыргызстандын Тегерандагы элчилигине же ТИМдин Консулдук департаментине кайрылуу сунушталат.Белгилей кетсек, 2026-жылдын 28-февралына карата ачык булактардан алынган маалыматтарга ылайык, Түркия менен Ирандын ортосундагы мамлекеттик чек ара расмий түрдө жабылган эмес. Чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттары кадимки тартипте иштеп жатат.ТИМ кырдаалдын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү улантат, ошондой эле жарандарды сабырдуулукту сактоого жана жеке коопсуздук чараларын так аткарууга чакырат.
Евразия экономикалык комиссиясы 2026-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнө импорттолуучу бодо мал этинин айрым түрлөрүн бажы төлөмүнөн бошотту."Бул бажы-тарифтик чара этти кайра иштетүү тармагын колдойт, ички рынокко зыян келтирбейт жана мал чарбачылыгындагы инвестициялык долбоорлорго кошумча тобокелдиктерди жаратпайт", — деди ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. Ал белгилегендей, буга чейинки тарифтик жеңилдиктер калк үчүн эт азыктарынын жеткиликтүү кылып, баанын өсүү темпин кармоого жардам берген. Союзга мүчө өлкөлөрдө ири мүйүздүү малдын этинин жетишсиздиги көбүнчө Латын Америкасы жана Индиядан келген эттин эсебинен толукталат.Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ош шаарындагы эски "Келечек" базары жабылып, соодагерлерди көчүрүү иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Белгилей кетсек, буга чейин эски "Келечек" базары 1-марттан тарта жабылып, соодагерлер этап-этабы менен көчүрүлөрү тууралуу маалымдалган.**Бүгүн, 1-мартта Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча «Muhamet Malo – 2026» эл аралык рейтингдик турнири соңуна чыгат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү таймаштарда Кыргызстандын 8 балбаны грем-рим күрөшү боюнча килемге чыгат: 55 кг: Улан Муратбек уулу; 60 кг: Курманбек Жапаров; 72 кг: Амантур Исмаилов жана Раззак Бейшекеев; 82 кг: Акжол Махмудов жана Ырыскелди Максатбек уулу; 97 кг: Үзүр Жусупбеков жана Мелис Айтбеков. Мелдештер 55, 60, 72, 82, 97 жана 130 кг салмак категорияларында өтөт. Алгачкы беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.