Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы умрада жүргөндөрдү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам сабырдуулукка чакырды. Билдирүүнү мекеменин маалымат кызматы таратты.Анда кичи ажылыкка бара жаткандар жана зыярат кылып жүргөндөр үчүн келишимде көрсөтүлбөгөн абал жаралганы белгиленген. "Мекке, Медина шаарларында зыярат кылып жүргөндөрдү кырдаалды түшүнүү жана сабырдуулук менен кабыл алууга чакырабыз. Фирмалардын жана ажы башчылардын көрсөтмөлөрүнө баш ийип, абалдын жөнгө салынышына жана авиарейстердин калыбына келишине чейин дүрбөлөңгө түшпөй күтүңүздөр", — деп айтылган малыматта. Муфтият мындай учурда дүйнөнүн тынчтыгы жана биримдик маанилүү экенин белгилеген.
ЮНЕСКОнун башкы директору Халед аль-Анани 2026-жылдын 30-августунан 6-сентябрына чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына патронаж көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алды. ТИМден билдиришкендей, бул чечим Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жана Кыргызстандын Париж шаарындагы ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлчүлүгүнүн биргелешкен ишинин натыйжасында кабыл алынды. Жакында ЮНЕСКОнун башкы директору менен болгон жолугушууда Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз КР өкмөтүнүн алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ЮНЕСКОнун патронажын берүү тууралуу кайрылуусун жеткирди. Патронаждын берилиши Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салттуу спорт түрлөрүн жана оюндарды сактоого жана илгерилетүүгө, ошондой эле материалдык эмес маданий мурастын ажырагыс бөлүгү катары өнүктүрүүгө багытталган маанилүү эл аралык демилге экенин эл аралык деңгээлде таанууну тастыктайт.
Иранга каршы аракеттер өлкөнүн ички ишине аралашуу жана Батышка ыңгайсыз мамлекетти жок кылууга багытталган. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости жазды. Дипломат бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында айткан. Ал АКШнын президенти Дональд Трамптын бул операция Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө максатын көздөйт деген билдирүүсүн негизсиз деп атаган. "Тегеран мындай планы жок экенин жана Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимдеги милдеттенмелерин аткарып жатканын билдирген. Бул маселеде ишенимдүү маалыматтын жалгыз булагы — МАГАТЭнин башкы директорунун баяндамалары экенин эске алуу керек. Анда Иран өзөктүк курал иштеп чыгышы мүмкүн экендиги тууралуу эч качан айтылган эмес",— деген ал. Небензя Россия АКШ менен Израилден Иранга каршы агрессияны дароо токтотууну талап кыларын белгилеген.
Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча «Muhamet Malo – 2026» эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жокЧечүүчү кармашта Айпери дүйнөнүн учурдагы чемпиону, эквадорлук Генесис Реаско Валдез менен кез келди. Эске салсак, бул балбандар 2025-жылкы дүйнө чемпионатынын финалында кез келип, анда жеңиш эквадорлук спортчуга оогон эле. Бул ирет Айпери Медет кызы атаандашын 5:4 эсебинде утуп, реванш алуу менен бирге рейтингдик турнирдин алтын медалын тагынды.