Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев «Вести» маалымат кызматына берген маегинде мыйзам чыгаруу бийлигинин ишиндеги жаңы багыттар тууралуу билдирди. Анын айтымында, парламенттин негизги милдети — президент белгилеген өнүгүү курсун ишке ашырууга мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүү. Депутаттар мыйзамдарды даярдоого, алардын аткарылышын көзөмөлдөөгө жана жарандар менен иштөөгө көңүл бурат. Жакынкы 1–2 айда Жогорку Кеңеш толугу менен санарип башкарууга өтмөкчү. Бул мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуудан тартып, комитет жыйындарына чейин камтыйт. Ошондой эле жарандар депутаттарга онлайн кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошол эле учурда, жаңы саясий конфигурацияда Россия менен мамилени чыңдоого өзгөчө басым жасалат. Марлен Маматалиев Россия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш бойдон каларын белгилеп, 2026-жылы парламенттер аралык кызматташтык эки эсеге көбөйөрүн айтты. Негизги багыттардын бири — эмгек мигранттарынын маселелерин чечүү. Бул багытта Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасы менен тыгыз кызматташуу улантылары белгиленди.
Панфилов районундагы "Тянь-Шань форель" ЖЧКсы күнүнө 50 тоннага чейин балык тоютун өндүрүүдө. Бул тууралуу заводдун директору Султанбек Акматов билдирди. Анын айтымында, заводдун курулушу 2025-жылдын май айында башталган. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 5 млн долларды түзөт. Өндүрүш объектиси болжол менен 7 гектар жер тилкесине курулган. "Завод толук кубаттуулукта иштеген учурда суткасына 100-130 тонна балык тоютун өндүрүүгө жөндөмдүү болот. Ишкана ишке киргенден кийин 100дөн 120га чейин туруктуу жумуш орундары түзүлөт. Азырынча балык тоюттары жергиликтүү керектөөчүлөргө сыноого берилүүдө. Бизден чыгарылган тоют абдан сапаттуу. Келечекте коңшу өлкөлөргө жана Россияга чейин экспорттойбуз деген пландарыбыз бар", - деди ал.
Казакстанда жарандык активист Альнур Ильяшев президент Касым-Жомарт Токаевге каршы сотко доо арыз менен кайрылды. Ал республикалык референдум өткөрүү тууралуу президенттик жарлыкты мыйзамсыз деп таанууну талап кылууда. Ильяшевдин пикиринде, бул жарлык жана добушка коюлган документ Конституцияга жана «Республикалык референдум жөнүндө» мыйзамга каршы келет. Анын айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр жарандардын конституциялык укуктарына шек келтириши мүмкүн. Активист документ негизги конституциялык принциптерди өзгөртөт деп эсептеп, аны мыйзамсыз деп таанууга жетишүүнү көздөйт. Маалыматка ылайык, Казакстанда жаңы Конституция боюнча референдум 15-мартта өтөт.
Иран байытылган урандын бардык запастарынан баш тартууга макул болгонун Омандын ТИМи билдирди Ведомство АКШ менен сүйлөшүүлөрдө ортомчу болууда. Тышкы иштер министринин айтымында, Тегеран АКШнын талабына баш ийип, макул болгон. Трамп буга чейин ирандык өзөктүк программа боюнча “кыйынга турган чечимди” кабыл алууга туура келерин билдирген. “Иран толугу менен байытылган урандан баш тартышы керек, бирок Тегеран "туура жооп" берүүдөн баш тартып жатат. Бүгүн да