БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Иранга каршы аракеттер өлкөнүн ички ишине аралашуу жана Батышка ыңгайсыз мамлекетти жок кылууга багытталган. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости жазды.
Дипломат бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында айткан. Ал АКШнын президенти Дональд Трамптын бул операция Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө максатын көздөйт деген билдирүүсүн негизсиз деп атаган.
"Тегеран мындай планы жок экенин жана Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимдеги милдеттенмелерин аткарып жатканын билдирген. Бул маселеде ишенимдүү маалыматтын жалгыз булагы — МАГАТЭнин башкы директорунун баяндамалары экенин эске алуу керек. Анда Иран өзөктүк курал иштеп чыгышы мүмкүн экендиги тууралуу эч качан айтылган эмес",— деген ал.
Небензя Россия АКШ менен Израилден Иранга каршы агрессияны дароо токтотууну талап кыларын белгилеген.
АКШ менен Израилдин чабуулдары
Ишемби күнү АКШ жана Израиль Иранга каршы масштабдуу аскердик операция баштады. Анткен менен өткөн аптада эле Кошмо Штаттар Ислам Республикасы менен "өзөктүк досье" боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан эле.
1-марттын таңында Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи Израиль менен АКШнын жасаган чабуулунан курман болду. Fars агенттиги көз жумгандардын арасында Минаб шаарындагы башталгыч мектептин 148 окуучусу (кыздар) бар экенин, чабуулдан ошол жерде 95 адам жаракат алганын жазды. Мындан сырткары, Иран жетекчилигинин 40ка жакын өкүлү каза болгону айтылууда.
Ал эми Ирандын соккуларынан Израилде бир киши каза болуп, 120дан ашыгы жаракат алганын CNN кабарлады.