БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Владимир Зеленскийди мунай жеткирүүчү "Дружба" түтүктөрүнүн абалы тууралуу маалыматтарды жашырган деп сынга алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Мага тактоо киргизип коюуга уруксат этиңиздер. Зеленский калп айтып жатат. Биз "Дружба" кууру аркылуу Венгрияга мунай жеткирилбей калганына техникалык эч бир себеп жок экенин билебиз. Алар түтүктү текшерүүдөн баш тартышып, чындыкты жашырууда", — деп жазган Орбан Х социалдык тармактагы баракчасына.
Ага чейин жума күнү Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо дагы Зеленскийдин "Дружба" түтүктөрү аркылуу мунай жеткирүү мүмкүн эмес" деп айткандарын чындыкка кал келбейт деген. Фицонун билдирүүсү боюнча, сунушталган альтернативалык муршрут дал ошол бузулган аймакты камтып турат.
Айта кетсек, Украина тарап "Дружба" мунай кууру аркылуу күйүүчү май жеткирүүнү январдын аягында токтоткон. Мунай түтүгү Татарстандын Альметьевск шаарынан башталып, Брянск аркылуу өтүп, андан ары эки тарапта бөлүнүп кетет. Бир тарабы Украина аймагы аркылуу Венгрия, Словакия жана Чехияга багыт алат, ал эми экинчи тарабы Беларусь аркылуу Польша жана Германия тарапка кетет.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, Киев режими объект Россиянын кол салуусунан улам бузулган деген жүйө менен аны жаңылабай келет. Буга жооп кылып, Братислава авариялык негизде электр энергиясын берүүнү токтотту. Словакия бийлиги мунай кууру жарактан чыккан эмес деп эсептейт. Алардын пикиринде, Украинанын күйүүчү майды жеткирүүнү токтотуусу — Европа биримдигине жакындашуу үчүн жасап жаткан саясий чечим.
Өз кезегинде мунай жеткирилбей калган Венгрия Евробиримдиктин Россияга каршы кезектеги санкциялык топтомдоруна бөгөт койду. Мындан тышкары, Украинага 90 миллиард евро насыя берүүнү артка кайтарып, дизелдик күйүүчү майды экспорттоону убактылуу токтото турганын жарыялады.