БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. АКШ менен Израилдин Иранга каршы чабуулу көз карандысыз өлкөгө каршы пландалган акция болду. Бул тууралуу РФ ТИМи билдиргенин РИА Новости жазды.
“Аскердик операциянын масштабы, АКШнын куралдуу күчтөрүнүн аймакка тартылышы, иш буга чейин эле пландалып келгенин далилдейт. Чабуулчулардын ниети (жүйөсү) өзөктүк куралды таркатпоо режимин сактап калуу менен эч кандай байланышы жок. Алардын иш-аракеттери Жакынкы Чыгышты көзөмөлсүз эскалацияга түртүү”, — деп айтылат маалыматта.
Ведомство АКШнын дүйнө тынчтыгынын эл аралык-укуктук таянычына соккусу Москваны өзгөчө тынчсыздандырарын белгиледи.