БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Израилде абадан коркунуч туудурган үндөр угулууда. Бул тууралуу тылдагы команда башчысы билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
Тегерандын Nour News агенттиги Иран Израилдин аймагына ондогон ракеталарды учурганын маалымдады. Ошол эле учурда абадан коргонуу системалары да иштеп жатат.
Израилдин ЖМКлары Иран армиясынын башчысы Амир Хатани АКШ менен Израилдин чабуулунда каза болгонун жазууда. Бирок Тегеран маалыматты тастыктай элек. Ал өткөн жылдын июнь айынан бери республиканын куралдуу күчтөрүн жетектеп келген.
Жергиликтүү Tasnim агенттиги Тегеранда кайрадан жардыруу болгонун жазды. Американын маалымат каражаттары АКШ менен Израилдин соккулары бир нече күнгө созулушу мүмкүндүгүн жазышууда. Израилдин жогорку кызматтагы аткаминери ал төрт күнгө уланарын айткан.