Израилдин Ирандагы мектепке жасаган соккусунан каза болгондордун саны 40ка жетти

Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Ирандын түштүгүндө бүгүнкү чабуулдан улам кыздардын "Шаджере Тайебе" башталгыч мектебинде каза болгондордун саны 40ка жетти. Бул тууралуу жергиликтүү Mehr агенттиги бийликтин билдирүүсүнө таянып жарыялаганын РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, 48 окуучу жабыркаган.
"Израилдин Минаб шаарындагы кыздар окуган башталгыч мектепке жасалган соккудан каза болгондордун саны өсүүдө. Саат 14:45ке карата каза болгондордун саны 40ка жетти, дагы 48и жаракат алган", — деп айтылат маалыматта.
Трамп: АКШ Иранга каршы масштабдуу аскердик операцияны баштады