Иран Американын Жакынкы Чыгыштагы төрт базасына сокку урду

Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Иран Американын Жакынкы Чыгыштагы төрт базасына сокку урду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги БАЭнин Fars басылмасына таянып жазды.
Билдирүүгө ылайык, Тегерандын соккусу Катар, Кувейт, БАЭ жана Бахрейндеги аскердик базаларга ракета менен жасалган.
"Американын аймактагы төрт базасы Ирандын баллистикалык ракеталарынын соккусуна тушукту. Алар Катардагы Аль-Удейд авиабазасы, АКШнын Бахрейндеги бешинчи флотунун базасы, БАЭдеги Аль-Дафра жана Кувейттеги Аль-Салем авиабазалары", — деп айтылат маалыматта.
Бириккен Араб Эмирликтеринин Коргоо министрлиги Абадан коргонуу күчтөрү Ирандын бир нече ракеталарын тооруп калганын билдирген.
Трамп: АКШ Иранга каршы масштабдуу аскердик операцияны баштады