Бишкекте мушташтан бир киши комага түшүп, шектүүлөр кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкекте көчөдө чатакташа кеткен кишилердин бири оор жаракат алып, комага түштү. Бул тууралуу Свердлов РИИБи маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 12-февралында, саат 05:10 чамасында"102" кызматына Шаардык клиникалык ооруканадан эркек киши башынан жаракат алып комага түшкөнү тууралуу маалымат берилген.
Текшерүүдө Т.М. аттуу жаранды көчөдө чатакташа кеткен бейтааныш адамдар сабап, башына белгисиз буюм менен чаап салганы белгилүү болгон. Факты боюнча Свердлов РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш ишин козгогон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 35 жаштагы үч киши кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынышты.
Тергөө амалдары улантылууда.
Чүйдө 29 киши массалык мушташка катышкан деп милиция бөлүмүнө жеткирилди