Бишкекте унаанын терезесин сындырып, сумка уурдаган жигит кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкекте түнкүсүн автоунаанын терезесин сындырып, андагы сумканы уурдап кетүүгө шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Окуя 24-февралга караган түнү Бишкектеги мейманканалардын биринин унаа токтотуучу жайында болгон. Жабырлануучу тартип сакчыларга арыз менен кайрылып, белгисиз адам Lexus RX үлгүсүндөгү автоунаасынын арткы айнегин талкалап, салондон Stefano үлгүсүндөгү сумканы уурдап кеткенин айткан. Ал жалпысынан 166 миң сомдук чыгым көргөнүн кошумчалаган.
Милиция аталган факты боюнча “Уурулук” беренеси менен иш козгоп, 29 жаштагы А.Б. аттуу шектүүнү кармаган. Анын буга чейин ушундай кылмыштар боюнча бир нече жолу соттолгону аныкталган.
Бишкекте мушташтан бир киши комага түшүп, шектүүлөр кармалды