Бишкек – Дубай жана Бишкек – Шарджа аба каттамдары убактылуу токтотулду

Sputnik
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Эртең, 1-марттан, баштап эл аралык "Манас" аэропортунан уча турган Бишкек – Дубай жана Бишкек – Шарджа каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечимдер каттамдардын коопсуз аткарылышын камсыздоо жана авиакомпанияларда маршруттардын өзгөрүшүнө байланыштуу кабыл алынды. Жүргүнчүлөр жокко чыгарылган каттамдар боюнча авиакомпанияларга же билет саткан тараптарга кайрылып билетти кайтаруу же убактысын өзгөртүү боюнча толугураак маалымат алышса болот.
Ишканадан"Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатканын белгилешти. Алдыда кандайдыр бир өзгөрүүлөр киргизилсе маалымдаларын кошумчалашты.
Кыргызстан менен Франция түз авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат