Улуттук банк жыл башынан берки эң ири интервенциясын жүргүздү

Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кечээ Улуттук банк жыл башынан берки эң ири интервенциясын жүргүздү. Банк валюта рыногуна 162,55 миллион доллар саткан.
Банктын маалыматына ылайык, бул — жыл ичиндеги валюта сатуу боюнча үчүнчү операция. Жалпы жонунан 406,55 миллион доллар сатылган.
Мындай кадам менен мекеме чет элдик акчанын тартыштыгын толуктап, өзгөрүлмө режим учурунда сомдун наркын туруктуу кармап турууну көздөйт.
Улуттук банк эсептик ченди 12%га көтөрдү