Элдар Жакыпбековдун иши. УКМК канча кызматкери иштен алынганын кабарлады

Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, эл ичинде Эду деген каймана ат менен белгилүү Элдар Жакыпбеков кармалгандан кийин жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын кабарлады.
Ага ылайык, төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынган:
6 кызматкер улуттук коопсуздук органдарынан бошотулду
6 кызматкер ээлеген кызмат ордунан алынып, УКМКнын карамагынан чыгарылды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде кызмат өтөөдөн бир талапкер четтетилди
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин 8 кызматкерине тартиптик жаза чаралары көрүлдү
Учурда коррупциялык топко тиешеси бар УКМКнын башка кызматкерлерин аныктоо боюнча иштер уланууда.
Эске салсак, буга чейин Жакыпбеков УКМКнын кызматкерлеринен жана жарандардан турган туруктуу коррупциялык топ түзүүгө шектелип кармалган. Биринчи май райондук соту аны 15-апрелге чейин камакка алган.
УКМК эми накта КГБдай болот. Жапаров жасала турган реформалар тууралуу айтты