БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстанда соңку жылдары эмгек акы мурдагыга караганда кыйла жогорулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Ынтымак ордодо" өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билдирди.
Минкаб төрагасынын орун басары, экономикада мурдагы темп уланганда азыр орточо айлык 44,5 миң сом эмес, 23,6 миң сомду түзмөктүгүн билдирди.
"Пенсия болсо мурдагы темп менен 11 миң сом эмес, 7300 сом болмок. Баалар баары бир геосаясаттык факторлордун негизинде өсмөк", — деди Байсалов.