БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды сатууга аракет кылгандар аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүк ташуучу автоунааларды текшерүү учурунда жарактуулук мөөнөтү эки жыл мурда өтүп кеткен төрт миң куту кондитердик азыктар табылган. Алардын жалпы салмагы 11 тоннаны түзгөнү менен документтер боюнча жети тонна экендиги көрсөтүлгөн. Андан тышкары, антифриз, гидроизоляциялык материалдар, боек жана арматуралар табылган.
Бул факт боюнча салык кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлгөн. Автотранспорт каражатына пломба басылып, автоунаа токтотуучу жайга убактылуу жайгаштырылган. Материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлгөн.