БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкекте зер буюмдарды алып качууга шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү алтын зер буюмдарды сатам деген шылтоо менен К.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, жалпы суммасы 5 154 600 сомдук алтын буюмдарды алып, из жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 39 жаштагы С.А. кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.