УКМК пара талды деген шек менен Биринчи май РИИБинин эки жетекчисин кармады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. УКМК пара талап кылган деген шек менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын эки жетекчисин кармаганын билдирди.
Маалыматта шектүүлөр алдын ала сүйлөшүп алып, А.М.М. аттуу жаранга карата кылмыш ишин ачышкан. Кийинчерээк ал ишти токтотуп берүү үчүн ортомчу аркылуу жабырлануучунун уулунан 30 миң доллар талап кылып, анын 20 миң доллары берилген.
Тергөөнүн жыйынтыгында Биринчи май РИИБинин башчысынын орун басары А.Н.А. жана аталган бөлүмдүн Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы А.И.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Элдар Жакыпбековдун иши. УКМК канча кызматкери иштен алынганын кабарлады