БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ак-Суу районунда кош бойлуу болуп калган 16 жаштагы кыздын ишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу институттан билдиришти.
"Акыйкатчы укук коргоо органдарын бул ишти тыкыр иликтеп, калыс укуктук баа берүүгө чакырат. Андан сырткары, төрт баланын энесинин өлүмү боюнча ишке текшерүү жүргүзүү зарылдыгын белгилейт. Жаманбаева келиндин артында калган балдарынын укуктарын коргоо жана аларга социалдык көмөк көрсөтүү боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө чакырат", – деп айтылат билдирүүдө.
Маалым болгондой, акыйкатчынын облустук өкүлү 16 жаштагы кыздын, ошондой эле анын бир туугандарынын укуктарын коргоо максатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш жүргүзгөн.
"Үй-бүлө Ак-Суу районунда жашайт. Боюна бүтүп калган 16 жаштагы М.Ж. үй-бүлөнүн улуусу, кесиптик лицейде окуйт. Анын 15 жана 6 жаштагы эки сиңдиси жана 14 жаштагы иниси бар. Балдардын ата-энеси ажырашып кетип, аял 4 баланы жалгыз тарбиялап келген. Учурда балдар таежесинин камкордугунда. Жакынкы убакта мамлекет расмий камкорчу маселесин чечет. Кош бойлуу өспүрүм кыз да учурда туугандары менен үйүндө" – деп жазылган.
Эскерте кетсек, кечээ Ак-Сууда 16 жаштагы кызынын кош бойлуу экенин билген энеси өзүн өрттөп жибергени белгилүү болгон.