Африкалык балдардын аткаруусундагы кыргыз ыры. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Чыгыш Африкадагы руандалык балдар кыргызча "Алтын өмүр" ырын аткарып, ыргагына бийлеп, көптүн көңүлүн бурду.
Ал сөзү Оңолбек Соурбаев, ал эми обону Кубанычбек Калыковго таандык, ырчы Динара Акулова аткарып чыккан чыгарма.
Таланттуу балдардын бул тобундагы өспүрүмдөрдүн бири музыка аркылуу кыргыз маданияты менен таанышкандыктарына канааттанып жатканын айткан.
Алар жергиликтүү академияда билим алышат, Жетишпеген турмушта жашаган балдарга ыр, бий, музыка аркылуу талантын ачууга мүмкүнчүлүк жаралат. Балдар гастроль менен чет өлкөлөргө да чыгып турат.
БУУда кыргыздын мукам обондору менен күүлөрү жаңырды. Видео